• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Селден соң жабылган Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол жолу ачылды

25 Баш оона 20259:58 Бишкек Govori.TV

Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол автожолунун эки тарабы тең ачылды.

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, тартылган күчтөр жана каражаттардын жардамы менен жол толугу менен тазаланып, саат 01:30да эки тарапка тең ачылган. Унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатат.

24-августта Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол автожолу селдин айынан жабылганы кабарлаган болчу. Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа менен Шор-Булак айылдарынын ортосунда (чакырымы такталууда) сел жүргөн.

Количество просмотров: 84