• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчыда Вальдорф жана Монтессори ыкмасында бала бакча ачылды

26 Аяк оона 202411:09 Бишкек Govori.TV

Бир ай мурун ачылган үй тибиндеги «Руслан» аттуу бала бакчада учурда 1,5 жаштан 5 жашка чейинки 10 бала бар. Анда балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Уктоочу, ойноочу, жуунуучу, тамактануучу жайларынын бардыгы тиешелүү талаптарга жооп берет. Күнүнө 4 маал тамак берилип, жумасына беш күн иштейт.

Ата-энелердин айтымында, Вальдорф жана Монтессори ыкмасынын негизинде тарбия алган балдар кыска убакыттын ичинде дээрлик өз алдынчалыкка үйрөнүп калышкан.

Балдарга кыргыз, орус жана англис тилдери үйрөтүлүп, башталгыч музыка сабагы да өткөрүлөт.

Кошумча маалымат бере кетсек, өкмөттүк акселератор программасынын негизинде Балыкчы шаарында үй тибиндеги 3 бала бакча иштөөдө. Мындан сырткары 2 жеке менчик жана 11 мамлекеттик бала бакча бар. Шаар боюнча мектеп жашына чейинки балдардын 34 пайызы бала бакчага барышат.

Количество просмотров: 681