Кечээ Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) атайын машыгуулары Балыкчы шаарындагы 20636-аскер бөлүгүндө башталды.
Уюмдун ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн командалык-штабдык “Өз ара аракеттенүү — 2024”, чалгындоо күчтөрүнүн “Издөө-2024”, материалдык-техникалык камсыздоо күчтөрүнүн “Эшелон-2024” машыгуулары өтүп жатканын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
1992-жылы негизделген бул уюмдун курамында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Тажикстан жана Орусия бар.
Белгилей кетчү жагдай, ушул жылдын август айында Армения бул уюмдан чыга турганын билдирген.
Машыгуулардын башында Кыргызстандын коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов дүйнөдө коопсуздук биринчи кезектеги маанилүү маселеге айланганын белгиледи.
“Бул машыгуу бөлүмдөрдүн биригүү деңгээлин гана жогорулатпастан, күжүрмөн шериктештикти бекемдеп, дүйнөлүк коомчулукка пайда болгон коркунучтарга карата биздин мамлекеттердин жетекчилигинин бирдиктүү көз караштары бар экендигин көрсөтөт”, — деди министр.