Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 30-мартка караган түнү, саат 01:50дө Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында катуу шамал болгонун билдирди. Анын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге чейин жетти. Учурда катуу шамалдын кесепет-зыяны такталып жатат.
“Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок”,-деп жазылган маалыматта.