• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Балыкчыга жаңы мэр дайындалды

11 Тогуздун айы 202217:22 Бишкек Govori.TV

Ысык- Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри болуп Арнабек уулу Азамат дайындалды. Бул тууралуу аталган мэриядан кабарлашты.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев кызматынан 28-сентябрда бошотулган. Ал мэр болуп 15-июлда дайындалган болчу.

Буга чейин депутат Балбак Түлөбаев парламенттин жыйынында Балыкчы шаарынын мэри бир жумадан бери жумуш ордунда жок экенин айткан.

Теги:
Количество просмотров: 161