• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Балыкчыга жаңы мэр дайындалды

16 Теке 2022 9:55 Бишкек Govori.TV

Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-июль күнү жаңы дайындалган мэрди президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева жамаатка тааныштырды. Ага мекемелердин жетекчилери жана облус активи катышты.

Эмгек жолу:

1986-жылы — Тянь-Шань чарбалар аралык көчмө механикалык колоннасы, жыгач уста;

1988-1996-жылдары — «Райсельремстрой» Тянь-Шань чарба аралык өндүрүш башкармалыгы, жыгач уста, бригадир, мастер;

1997-2001-жылдары — «Нарын» ЭЭА, коопсуздук кызматынын инспектору; туризм боюнча адис.

2000-2002-жылдары — «Салкын Төр» ЖЧКсы, директор;

2001-2007-жылдары — «Темир» мамлекеттик ишканасы, Нарын облусу боюнча өкүлчүлүктүн жетекчиси;

2007-2013-жылдары — «Winline» ТМ Sapatcom ЖЧКсы, башкы директор;

2013-2015-жылдары — «Ата-Журт» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты;

2015-2021-жылдары — «Техно Ресурс» ЖЧКнын башкы директору;

2021-2022-жылдары – «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын башкы директору.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Количество просмотров: 734