• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаңы мэр айдоочусун кеңешчи кылдыбы?

2 Жалган куран 2022 10:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарынын жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Жыйында Абдыкадыровго «айдоочуңузду кеңешчи кылып дайындаганыңыз чынбы?» деген суроо узатылды.

Ал эми жаңы мэр төмөндөгүлөргө токтолду.

«Айдар деген жигит менин айдоочум эмес, башынан кеңешчим болчу. Анын эки жогорку билими бар. Унаа айдагандын баары айдоочу эмес да. Ал өзү Ак-Талаадан болот. Мен Таластыкмын. Келгенден бери бир эле кадр дайындадым»,-деди Абдыкадыров.

Абдыкадыров суроонун алдында кадр саясатында тажрыйбалуу гана адистер иштеши керектигин айткан болчу.

«Кесипкөй кызматкерлер иш алып барса баардыгы алдыга жылат. Тууган, дос, курсташ деген болбойт. Баары ачык айкын болуш керек. Эч нерсе жашыруун болбойт»,-деди ал.

Количество просмотров: 176