• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Балыкчынын экс-мэрине автоээнбаштыгы үчүн айып пул салынды

17 Теке 202514:27 Бишкек Govori.TV

Балыкчынын мурдагы мэри Султан Кермалиевге Соң-Көл жайлоосундагы автоээнбаштыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Алаканыңарды чаба берсеңер болот, айып пул салышты, машинаны айып короого алып кетишти»,-деп жазды ал.

Эске салсак, кечээ Кермалиев машинасын катуу, чимирилте айдап Соң-Көл жайлоосунун шиберин тебелетип жатканы тартылган видеолор соцтармакка тарап, талкууга түшкөн.

Количество просмотров: 234