• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчынын мэриясында кызматтык этика боюнча жыйын өттү

8 Теке 202512:57 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик Балыкчы шаарынын мэриясында пландан тышкары жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйынга Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев баштаган мэриянын кызматкерлери катышып, кызматтык этика, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана кызматкерлердин ортосундагы өз ара мамиле боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү.

Кермалиев Балыкчы шаарынын мэри болуп президент Садыр Жапаровдун 2-июлдагы жарлыгы менен дайындалган. Керималиев мэр болуп дайындалгандан кийинки «СерепТВ» телеканалына курган маеги интернетте талкуу жараткан. Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде Балыкчы шаарынын мэри тууралуу интернетте жүрүп жаткан талкууларга комментарий берип, Султан Кермалиев этиканы сактабаганын айткан.

Количество просмотров: 243