• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Банк кызматкерлерин барымтага алууга шектелген жаран эки айга камалды

21 Кулжа 2023 9:11 Бишкек Govori.TV

Kaspi банкта адамдарды барымтага алууга шектелип кармалган Алихан Мурадов эки айга камалды. Мындай чечимди анын бөгөт чарасын караган Астананын райондор аралык тергөө соту кабыл алды.

18-июнда Kaspi банктын Астана шаарындагы бөлүмдөрүнүн биринде адамдар барымтага алынган – кийин алардын баары банктын кызматкерлери болгону аныкталган.

Казакстандын Ички иштер миинстрлиги (ИИМ) полициянын аракети менен барымтадагылар бошотулуп, шектүү кармалганын маалымдаган. Анда мекемеден шектүү менен министр Марат Ахметжанов өзү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдиришкен.

Количество просмотров: 61