Нарында банкоматта кезекте турган кызды сабаган жаран кармалды.
Облустук милициядан билдиришкендей, Нарын шаарынын тургуну 20 жаштагы К.А. «102» номерине чалып, бейтааныш адам аны эч себепсиз уруп-сабаганын билдирип, ага карата мыйзамга ылайык чара көрүүнү өтүнгөн.
«Аталган факт Нарын шаардык ички иштер бөөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Арыз ээси А.К.га соттук-медициналык экспертиза дайындалып, толук кандуу териштирүү иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү катары Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну 1992-жылы туулган С. у.Ж. кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө»,- деп айтылат маалыматта.