• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Банкоматтын ачылышына катышкан депутаттар сынга калды

23 Жалган куран 2023 9:56 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаттарынын банкоматтын ачылыш аземине катышканы талкуу жаратты.

22-мартта  «РСК Банктын» Фейсбуктагы баракчасына Ош облусунун Сары-Могол айылына банкомат орнотулганы тууралуу маалымат жарыяланган. Ачылыш аземге жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышканы маалымдалган.

Буга чейин депутаттар Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жанарбек Акаев, Эльдар Сулайманов, Азамат Исраилов Сары-Могол айылына барып, Ош облусунун Алай районунун тургундары менен жолугушканы кабарланган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 10 күн аймактарды кыдырмак. Эл өкүлдөрү 22-марттан 31-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып барат. Мындай чечим 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынып, бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому жактырылган.

Количество просмотров: 4756