Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Култаева Гүлшаркан Оконовнаны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралып, колдоо тапты.
Белгилей кетсек, Гүлшаркан Култаева Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз жазган.