• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Банктар менен төлөм системалары QR-коддорду киргизүүгө милдеттендирилди

30 Баш оона 20229:09 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк банк жана төлөм инфраструктураларын өнүктүрүү үчүн QR-коддор колдонуларын жарыяланды.

Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланган маалыматка караганда, 24-августта “Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомго өзгөртүүлөр киргизилген.

Токтомго ылайык, коммерциялык банктар, ошондой эле мобилдик тиркемелери бар төлөм системаларынын операторлору -төлөм уюмдары, алардын агенттери, 2022-жылдын 31-декабрына чейин кардарларга QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосу жана соода-тейлөө ишканаларында QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуусу зарыл.

Улуттук банк бул бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү максатында жасалып жатканын белгиледи.

Количество просмотров: 56