• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

«Барса» легендалары менен Азия ардагерлеринин беттеши. Оюндун 1-бөлүгү аяктады

30 Баш оона 202320:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселонанын” мурдагы оюнчулары Азиянын ардагер футболчуларынын беттеши өтүп жатат.

Оюндун 26 мүнөтүндө эсеп ачылып «Барса» Азия ардагерлеринин дарбазасына бир топ киргизген. Андан соң, тагыраагы 37 мүнөттө эсеп 2:0 болду.

Азия ардагер футболчуларынын катарында президент Садыр Жапаров да ойноп жатат.

Ал эми беттештин башталышында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, командаларга ийгилик каалады.

29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылган. Бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келген.

Ал эми бүгүн президент Садыр Жапаров «Барселона» футбол клубунун академиясынын Бишкек шаарындагы курулушуна капсула салган.

Количество просмотров: 89