Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселонанын” мурдагы оюнчулары Азиянын ардагер футболчуларынын беттеши башталуу алдында турат.









Оюнга келген күйөрмандар стадиондо өз орундуктарын алууда. Белгилей кетсек, Азия ардагер футболчуларынын катарында президент Садыр Жапаров да ойной турганы маалымдалган.
29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылган. Бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келген.
Ал эми бүгүн президент Садыр Жапаров «Барселона» футбол клубунун академиясынын Бишкек шаарындагы курулушуна капсула салган.