• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Барскоон — Ак-Шыйрак жолунда калың кар түшүп, жолду жаап калган

23 Үчтүн айы 2023 13:53 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 22-январда Ысык-Көл облусунун Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 145-чакырым бөлүгүндө калың кар жаап, жолду жаап калган. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы кээ бир жерлерде 1 метрге чейин жетет.

“Түнү менен жолду кардан тазалоо жана каттам ачуу, кеңейтүү иштери жүргүзүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 85