• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө кыз жанын кыйган. Мектепте иштеген дене тарбия мугалими кармалды

23 Бирдин айы 20251:40 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл районунун Барскоон айылындагы мектептин спорт залында окуучу кыздын өз жанын кыйганы боюнча аталган билим берүү мекемесинин 27 жаштагы дене тарбия мугалими кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясы облустук ички иштер башкармалыгы билдирген.

Облустук ички иштер башкармалыгы облустук соттун чечими менен дене тарбия мугалими эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.

Бул окуя Кылмыш-жаза кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу” беренеси боюнча катталган. Учурда иликтөө иштери жүрүп, керектүү экспертизалар дайындалды.

Эске сала кетсек, 2025-жылдын 5-февралында Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнө Барскоон айылынан жашы жете элек өспүрүм оор абалда ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 2007-жылы туулган кыз жергиликтүү мектептин спорт залынан асынып калган белгилери менен табылган. Дене тарбия мугалими аны саат 11:25те таап, биринчи жардам көрсөткөн. Окуучу кыз тез арада ооруканага жаткырылган. Дарыгерлердин аракетине карабай ал 14-февралда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон.

Иллюстриативдик сүрөт

Количество просмотров: 7241