• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Башаламан. Мектеп директорлору майдагы эс алуу күндөрүнүн графигин каалгандай түзүп алышкан

30 Чын куран 2024 16:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы айрым мектептер май айындагы эс алуу күндөрү да окуйт. Бул тууралуу Govori.TVга окурмандар кабарлады.

Маалыматка караганда, 5 күндүк окуу тартибиндеги №6, №13, №24 мектептерде 1-май күнү окуу болбойт. Ал эми 2-3-май күндөрү окуу күн. Ошондой эле 6-май жана 9-май күндөрү дем алыш.

Айрым ата-энелер мектеп директорлору майдагы эс алуу күндөрүнүн графигин каалгандай түзүп алышканын жана калаадагы билим берүү мекемелери ар кандай тартипте окутуп жатканын айтып, нааразы болушууда.

Бул боюнча Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева комментарий берүүдөн баш тартты.

Эмгек кодексине ылайык, Кыргызстанда май айында расмий үч майрам бар.

  • 1-май — Эмгек майрамы;
  • 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;
  • 9-май — Жеңиш күнү.

Аптасына беш күн иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери 1-5-май күндөрү беш күн эс алышат. Бул күндөр аралыгындагы иш күндөрү башка күндөргө которулат.

Тагыраагы, мамлекеттик мекемелер 2-майдын (бейшемби) ордуна 6-майда, 3-майдын ордуна 11-майда иштейт.

Ал эми 9-май майрам күн болгондуктан дем алыш болот.

Алты күндүк иш тартиби менен иштеген кызматкерлер 1, 6 жана 9-майда эс алышат.

Количество просмотров: 1583