• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абайлагыла, WhatsApp аркылуу паспорт маалыматтарын салбагыла!

3 Тогуздун айы 202422:02 Бишкек Govori.TV

Акыркы кезде телефон аркылуу алдаган алдамчылар өтө көбөйүп кетти. Күн куру эмес телефон аркылуу көп суммага алданган же адамдын өзүнө билгизбей сыртынан кредит алган шылуундар тууралуу угуп келебиз.

Ушулардын бардыгы санариптик коопсуздукту, кибергигиенаны сактабагандыктан чыгып жатканын Жогорку технологиялар паркынын директорунун орун басары Чубак Темиров Биринчи радионун эфиринде билдирди.

«Бизден паспортуңду WhatsApp аркылуу сал дешет, биз деле ойлонбой сала беребиз», — деди Темиров.

Натыйжада паспорт маалыматына ээ болгон алдамчылар беш мүнөттө паспорт аркылуу кредит алып коюшат. Бул тууралуу паспорт ээси аны төлөө тууралуу кабар келгенде гана билип калат.

Мындай абалга дуушар болбоо үчүн, Интернеттеги коопсуздукка олуттуу мамиле кылыш керек экендигин эске салды Чубак Темиров.

Количество просмотров: 281