• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Башка өлкөнүн жарандарын көтөрмөлөгөн адат качан калат?

28 Жетинин айы 2018 16:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.11.2018. Govori.TV
Бүгүн ЖМКларда Казакстандын жараны Хасанов Алымжан Хакиевич «Кыргыз Темир Жолдору » Мамлекеттик ишканасынын орун басары болуп дайындалгандыгы талкуу жаратты. Тактап айтсак, Казак Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин сайтында аталган адамдын паспорту катталган жана жарандыгы тастыкталган. «Мамлекеттик кызмат жөнүндө » мыйзамына ылайык, мамлекеттик кызматка Кыргыз Республикасынын жарандары гана дайындалуусу мүмкүн. Бирок бизде белгилүү болгондой, эбин тапкандарга жарандык маселе жаратпайт.
 “Кыргызстан” фракциясынын депутаты, Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Дамир Асылбек уулунун жарандыгы ал Казакстандын укук коргоо кызматтар тарабынан кармалгандан кийин гана ачыкка чыккан.
Мурдагы жумада КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Россия Федерациясынын жараны экендигин айтып чыгып, ал түгүл ИНН номеринен бери маалымдап, УКМКдан бул маалыматты текшерүүнү талап кылган.
Эскерте кетсек, Таалайбек Сарыбашевдин жарандуулугу тууралуу маселе ага чейин дагы ЖМКларда кеп болуп, Ош шаарынын мэринин маалымат катчысы Азамат Абсаттаров түшүндүрмө берген.
Чындыгында социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин орус паспортун алган деген маалымат тарады. Ал маалыматтар менен биздин кабарыбыз бар. Шаар мэри өзү дагы уккан бул боюнча. Анын Россияга барып,мигрант болуп иштеп келгени чындык. 2002-2004-жылдары ал жакта иштегени анык. Бирок Орусиянын жарандыгын алган эмес.   Айтылган маалыматтар толук түрдө чындыкка дал келбейт.
Чындыгында Таалайбек Сарыбашевдин жарандуулугу тууралуу маалымат жөн жерден чыга калган жок. Анткени, буга чейин Кубанычбек Кулматовго жарандуулугу боюнча кылмыш иши козголуп, бирок, мамлекеттик каттоо кызматы арызын кайтарып алган.
Ага чейин, депутат Сагындык Келдибаевдин жарандуулугу тууралуу маселе дагы көтөрүлүп, БШК кош жарандыгы бар деп шек жараткан адамды толук кандуу жана эл ишене тургандай кылып текшерген эмес, бирок мандат берген.

Количество просмотров: 28