• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Башка планетага түшүп калгандай болдук». «Кыйын» долбооруна катышкан айымдардын эмоциясы

3 Бугу 2021 17:12 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан келген 17 алдыңкы айымдар катышты.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат. 3 күндүк тренингдин алкагында маалымат берүү техникасы, лидерлик сапатты өнүктүрүү, маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилет.

Тренингди “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, Жогорку Кеңештин вице-спикери Айзада Касымалиева, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова, ошондой эле гендерный эксперт Римма Султанова, “Media Карьера” ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы жана маркетологдор Мурат Соорбеков жана Ормон Амангелдиевдер өткөрдү.

Окутуучу иш-чаранын жыйынтыгында жети дубандан келген 17 айымдар “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Айрымдары уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, «Кыйын» долбооруна алкыш айтып, эмоцияларын жашырышкан жок.

Тренинг Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулуп жатат.

Количество просмотров: 969