Бишкек.19.08.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 19-августта Чүй облустук соту Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын карады.
Анын жактоочу Шарабидин Токтосуновдун айтымында, Жапаровдун иши мыйзам чегинде каралса, ал жакын арада эркиндикке чыкмак.
Бүгүнкү соттук отурумга Садыр Жапаров өзү алынып келинген жок.Соттун алдынан анын жакындарын,тарапташтарын көрүүгө болот. Тарапташтарынын айтуусу боюнча сот бир гана мурдагы депутат Садыр Жапаровго адилеттүү чечим чыгарбай келет. Толук материалды төмөндөгү сюжеттен көрүңүздөр!