• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Башкы балатыны жыйноо иштери башталды

16 Үчтүн айы 202314:00 Бишкек Govori.TV

Бишкектин борбору “Ала-Тоо” аянтындагы башкы балатыны жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жылдык жасалганы «Тазалык» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери алышат.

«Карагайдын каркасы жана ийне жалбырактуу бутактар «Тазалык» ишканасында сакталат, балатынын жасалгалары жана инсталляциялары тыкан ажыратылып, таңгакталып «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кампасында кылдаттык менен сакталат», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 93