• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ала-Тоо аянтындагы балатыны жандыруу аземи 14-декабрда өтөт

10 Бештин айы 202415:56 Бишкек Govori.TV

«Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык башкы балатыны жандыруу аземи 14-декабрь күнү саат 18:30да өтөт. Мэриядан билдиришкендей,быйыл Ала-Тоо аянты трансформацияланат. Жарандардын ынгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аянт кеңейтилип, ар бир адам эс ала тургандай эс алуучу жайлар көбөйдү.

«Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жаңы жылдык майрамдардын башталышын бирге тосуу үчүн бул салтанаткан чакырат. Жомоктун жана сыйкырдын атмосферасын тартуулап, миңдеген чырактар ​​жана уникалдуу жасалгалар менен кооздолгон башкы балаты шаардын бардык тургундары үчүн биримдиктин жана кубанычтын символу болот»,-деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 149