• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Башкы прокуратура: «7-апрель шейиттери» мечити камакка коюлган эмес

4 Аяк оона 2019 11:58 Бишкек Govori.TV

 Бишкектеги «7-апрель шейиттери» мечити камакка коюлган эмес. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мурунку президент А. Атамбаевдин коррупциялык жосундары боюнча тергелип жаткан кылмыш иштеринин алкагында, Бишкек шаарынын 7-кичи районунда жайгашкан «7-апрель шейиттери» мечити А.Атамбаевдин каражатына курулгандыгы аныкталган.

Бишкек шаарынын Юнусалиев 173/1 дарегинде жайгашкан 1 гектар жер тилкеси Атамбаевге таандык «Форум» илимий-өндүрүш фирмасы» ЖЧКга катталган.

«Аталган мечит камакка коюлбаганын билдиребиз жана анын ишмердүүлүгү чектелген эмес. Учурда мечитти курууга сарпталган акча каражатынын булагын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 41