• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге иш козгоодон баш тартты

27 Жетинин айы 2018 14:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.11.2018.Govori.TV.
Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге иш козгоодон баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда ЖК комитетинин жыйынында айтылганын “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов журналисттерге билдирди.
«Ата Мекен» фракциясы сентябрь айында Башкы прокуратурага «Белизгейт» тууралуу Абдил Сегизбаевдин жоопкерчилигин кароо боюнча кайрылган. Эми кылмыш иши козголбогонун билдирип жатышат. Абдил Сегизбаев 6 миллион жарандын алдында жасалма документтерди пайдалануу менен кылмыш жасаган», — дейт Шыкмаматов.
2016-жылы Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген.
Быйыл 19-сентябрда бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, УКМКнын азыркы жетекчилиги андай документтерди таба албай жатышканын айтты. Ошол эле күнү депутат Исхак Масалиев Сегизбаев «парламентке келип туура эмес маалымат бергени үчүн жоопко тез арада тартылышы керек» деген оюн айткан.
Башкы прокуратура токтоп калган териштирүүнү улантып, укуктук баа берүүнү көздөп жатканын айткан болчу.
Количество просмотров: 32