Башкы прокуратура «7-апрель шейиттери» мечити камакка коюлбаганын маалымдады. Андан алынган маалыматка караганда, учурда мечиттин ишмердүүлүгүнө эч кандай тоскоолдук болгон жок. Башкы көзөмөл органы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бул мечитти кайсы каражатка салганы гана текшерилип жатканын белгилейт.
Коррупцияга байланыштуу мурдагы президентке карата козголгон кылмыш иштерин тергөө учурунда №7 кичирайондо жайгашкан бул мечитти Атамбаев салганы аныкталган. Мечиттин аянты бир гектар. Ал участок «Форум» фирмасына караштуу болгон.
3-сентябрда, сот Бишкектин 7-кичи районундагы «7-апрель шейиттери» мечитин камакка алды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришкен.
Маалыматка ылайык, тергөө мурунку президент Алмазбек Атамбаев аны кайсыл каражатка курганын аныктап чыгат. 1 гектар жер аянты жана мечит Алмазбек Атамбаевге тиешелүү «”Форум” Илимий-өндүрүштүк фирма» ЖЧКсына катталган.
«7-апрель шейиттери» мечити быйыл апрелде ачылган. Алмазбек Атамбаев мечиттин курулушуна достору жардам бергенин айткан.
Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.
8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.