• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Башкы прокуратура байларга тийишпейт

25 Бирдин айы 2019 18:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV.

Башкы прокуратура мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын текшерүүнү аяктап, анын жыйынтыгы менен  «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен эки эле кылмыш иши козголду.

 Эске салсак, буга чейин коррупцияга арналган коопсуздук кеңешмеси болуп өтүп, президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияны ооздуктоого саясый эрки жете турганын айткан.

 Ал тургай Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңеш түзүлдү. Кеңештин Төрагасы  Премьер-министр  курамына  Өкмөт мүчөлөрү, бизнес-коомчулук жана жарандык чөйрө өкүлдөрү кирди.

Бирок, эл арасында Раим миллион баш болгон бир катар байлар тууралуу карапайым калк  какшаганы менен эч ким унчукпай келе жатат. Демек, Башкы Прокуратуранын «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен эки эле кылмыш ишин козгошу ишенимди жаратпайт.

Количество просмотров: 28