• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Башкы прокуратура: Мурдагы бажы кызматкери Кимсанов үй камагына чыгарылды

25 Бирдин айы 2020 16:48 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Рыспай Садыков ырастады.

Анын айтымында, мурдагы бажычыга байланыштуу ишти тергеп жаткан Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү сотто Кимсановду үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиришкен. Алар мунун себебин Кимсановдун жаш балдары бар экендиги менен түшүндүрүшкөн.

Сотто прокуратуранын өкүлү да өз позициясын билдирген. Тараптарды уккандан кийин судья Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы катары үй камагын тандаган.

Мунун алдында издөөдө жүргөн Эмилбек Кимсанов Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, Кыргызстанга жеткирилгени кабарланган. Ички иштер министри бул маалыматты эки күндөн бери расмий ырастабай жаткан.

Эмилбек Кимсанов 14-февраль күнү кечинде «Фейсбуктагы» баракчасына спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун видео кайрылуусун жүктөгөн. Кайрылууда Рахманберди уулу Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айткан. Рахманберди уулу «бул тууралуу ооз ачсаң сага жана Эмилбек Кимсановго иш козготуп каматабыз» деп коркутушканын билдирген.

ИИМ Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсановго 2018-жылы Чүй облусунда ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди токмоктоо боюнча шек саналып жатканын билдирип аларга издөө жарыялаган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 371