• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мас болуп чыр салган бажычы иштен бошотулду

29 Чын куран 202510:53 Бишкек Govori.TV

Бишкекте мас абалда милиция жана активисттерди кемсинткен Бажы кызматынын кызматкери К.А.А. иштен бошотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-апрелге караган түнү рейд учурунда жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бир унааны токтотушкан. Айдоочу мас абалда болуп, текшерүүдөн баш тартып качууга аракет кылган. Унаанын жүргүнчүсү болсо милиция кызматкерлерине жана активисттерге орой мамиле жасап, өзүн офицер катары тааныштырган.

“Кармалган унаанын ичинде, айдоочу менен кошо жүргөн жүргүнчү болгон, ал дагы мас абалында болуп милиция кызматкерлерине жана жарандык активисттерге карата өтө агрессивдүү мамиле жасап, өзүн офицер катары тааныштырып, ар түрдүү кызматтык байланыштарын айтып ызы-чуу чыгарган. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, өзүн агрессивдүү алып жүргөн жарандын өздүгү такталып, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Бажы Кызматынын кызматкери К.А.А.экендиги аныкталган. К.А.А. мамлекеттик органдын кызматкери болуп туруп, мамлекеттик кызматчынын жүрүм-турум нормаларын жана этикасын одоно түрдө бузуп, өзүнүн иш-аракеттери менен мамлекеттик бийлик органдарынын беделин түшүргөн. Бул көрүнүштөр коомчулукта терс пикирлерди жаратты”,- деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Кийин ал адам Бажы кызматынын кызматкери экени аныкталган. УКМК тарабынан ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал өз катасын моюнуна алып кечирим сураган. Жүрүм-турумуна байланыштуу Бажы кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, натыйжада К.А.А. иштен алынган.

УКМК бардык мамлекеттик кызматкерлерди мыйзамдарды жана мамлекеттик кызматкердин этика кодексин сактоого чакырды.

Количество просмотров: 323