• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинде пландуу текшерүү жүрүп жатканын билдирди

1 Чын куран 2022 18:21 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Саламаттык сактоо министрлигин текшерүү ишинин министрдин айткан сөзү менен эч кандай байланышы жок экенин айтты.

Маалыматта Саламаттык сактоо министрлигинде жүрүп жаткан текшерүү пландуу иш экени, башка мамлекеттик органдар дагы текшерилип жатканы айтылат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 31-мартта журналисттерге интервью берип жатып, министрликти прокуратура кызматкерлери текшерип жатканын айткан. Ал Башкы прокуратуранын ага карата эскертүү берүү тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасына жазган каты туура эмес экенин, аны президент дайындай турганын дагы бир жолу айтты.

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге этикага жатпаган жүрүм-туруму боюнча эскертүү берүү тууралуу өкмөт башчыга кат жолдогон.

Мындан кийин министр Алымкадыр Бейшеналиев «башкы прокурор эскертүү бере тургудай ким?», — деп айтканын маалымат каражаттары жазып чыккан. Бейшеналиев соңку билдирүүсү туура эмес чечмеленгенин, андан сабак алып, өз пикирин туура жеткирүүгө аракет кылып жатканын түшүндүргөн.

Количество просмотров: 1184