• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Башкы прокуратура тез татымдагы жарылуунун чоо-жайын териштирди

19 Жетинин айы 2019 17:36 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура «Антошка» тез татымдагы жарылуунун чоо-жайын териштирип, аталган мекеме жабдууларды коопсуздук эрежелерин бузуу менен колдонуп келгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тез татымдагы жарылуудан улам Бишкек прокуратурасы мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн ишин так аткарып-аткарбагандыгын текшерген. Жыйынтыгында Мамлекеттик экотехникалык инспекциясынын Бишкектеги башкармалыгы аталган жайдагы өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушун убагында алдын алган эмес.

Эске салсак, 8-ноябрда Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануучу жайда жарылуу болгон. Анда 13 адам ар кандай жаракат алып, кафенин бир кызматкери каза болгон.

Количество просмотров: 48