• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тез татым түйүнүндө тамак-аштан уулангандардын саны 23 адамга жетти

16 Үчтүн айы 202610:45 Бишкек Govori.TV

16-январга карата Бишкектеги «Даамдуу» аталышындагы тез татым түйүнүндө тамак-аштан уулангандардын саны 23 адамга жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен бешөө балдар.

«18 адам ооруканага жаткырылып, стационардык дарыланууда, бейтаптардын абалы туруктуу. 5 адамдын абалы канааттандырарлык болгондуктан, амбулатордук көзөмөлгө жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө бардык жабыркагандар 15-январда аталган тез татым түйүнүнөн сатып алынган шаурманы колдонгону аныкталган.

Бардык жабыркагандарга зарыл медициналык жардам көрсөтүлүп, лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн клиникалык материалдар алынган.

Количество просмотров: 156