• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Башкы прокуратура Турдукуловдун Сегизбаевге каршы кайрылуусун кабыл алды

11 Аяк оона 2019 13:02 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура жарандык активист Адил Турдукуловдун УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата жасаган кайрылуусун  кабыл алышты. Бул тууралуу «Govori.TVга» Адил Турдукулов өзү билдирди.

«Башкы прокуратурага Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы тууралуу билдирүүлөр болгон, ага карата юридикалык баа берилүүсүн мен да талап кылгам. Кайрылуумду кабыл алышканын айтышты, эми жыйынтыгын күтүп туралы»,-деди Турдукулов.

Эске салсак, Адил Турдукулов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы Башкы прокуратурага кайрылган.

«Сегизбаев 2016-жылы «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы каралаган «Белизгейт» чатагы боюнча жалган документтерди жарыялаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек»,-деген болчу.

Количество просмотров: 98