• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Башкы прокурор Абировду айыпкер катары тартууга парламенттин макулдугун сурап жатат

14 Жалган куран 2023 18:30 Бишкек Govori.TV

​Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Бишкек шаардык ички иштер Башкармалыгынан кылмыш иштин ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөн. Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратура таратты.

“Материалдарга ылайык, 2023-жылдын 12-мартында саат 01:46 чамасында чакыруу боюнча кызматтык милдетин аткаруу үчүн “Золотой Дракон” ресторанына келген коргоо агенттигинин тез аракеттенүү тобунун кызматкерлери А.Дж. жана А.А уулу Жогорку Кеңешинтин депутаты Ж.Абиров баш болгон болжол менен 7-8 мас абалындагы адамдар, аларды эч бир себепсиз ур-токмокко алып, сабашып, ден-соолугуна зыян келтиришкен”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш иши боюнча А. Д. жана П.Э. кармалышкан.

Башкы прокуратуранын айтымында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына кылмыш иши козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат.

Ошондуктан, Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Абировго карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пункттарында (адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жанаайыпкер катары тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорку Кеңешке сунуштама киргизди.

Количество просмотров: 1083