Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү парламентке сунуштады.
Бул маселени Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет карап, жалпы жыйынга алып чыкты.
«Жогорку Кеңеш атайын депутаттык комиссия түзүү жөнүндө маселени 48 сааттын ичинде кезексиз тартипте карайт. Аталган мыйзамдарга ылайык, комитет төмөнкүдөй чечимге келди: башкы прокурордун сунушу боюнча Жогорку Кеңештин кароосуна атайын депутаттык комиссия түзүү жөнүндө маселе киргизилсин», — деди комитеттин төрагасы Медербек Алиев.
Депутаттар бул маселени карап, кылмыш ишин иликтөөчү комиссия түзөт.
Белгилей кетсек, Мадумаров буга чейин кыргыз-тажик чек арасында Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протокол тууралуу Башкы прокуратурага бир нече ирет суракка чакырылган болчу.