Башкы прокуратуранын кадыр баркына шек келтирген кызматкерлерден арылуу аракеттери жүрүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 9-февралда өткөн маалымат жыйында билдирди.
«Коррупцияга аралашкан кызматкерлерден ич ара тазалануу аракети жүрүп жатат. Күнөөлөрүн мойнуна алып, иштен кеткендер бар. 2021-жылы прокуратуранын кадыр- баркына шек келтирген кызматкерлер жоопкерчиликке тартылды», — деди Зулушев.
Белгилей кетсек, Башкы прокурор Зулушев ушул тапта маалымат жыйын куруп жатат. Ал прокуратура органдарынын 2021-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып берүүдө.