• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Башкы прокуратура «Идеал Хаус» боюнча кылмыш ишин козгоду

18 Бештин айы 2017 12:46 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура Чүйдө «Идеал-Хаус» компаниясына караштуу имараттардын сатылышынын мыйзамдуулугун аныктоо боюнча кылмыш ишин козгоду.

Иш Кылмыш кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 307-беренеси («Лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдаланган») боюнча иликтенүүдө.

Быйыл күздө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал муруңку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз «ВостокТехКомплект» компаниясы уткан.

Бул мүлктүн сатылышы боюнча иликтөө жургүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын да жазган. Андан соң премьер-министр чуулгандуу «Идеал хаус» шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

Башкы көзөмөл органы иликтөөдө журналист келтирген маалыматтар такталбаганын билдирүүдө.

Количество просмотров: 6