Мэрия 20-майдан тарта Ататүрк паркындагы үйлөр буздуруларын билдирди. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев буга чейин парктын аймагындагы мурда курулушка берилип кеткен 43 гектар жерди кайтарыларын белгилеген.
Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Ататүрк паркындагы үйлөрдү бузууга каршы пикирин билдирүүдө. Эл өкүлдөрү парктын аймагындагы үйлөрдө катардагы жарандар да жашай турганын айтып, алардын маселесин мыйзам чегинде кароого чакырышууда.