• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Уран иштетүүгө уруксат берүү боюнча документ ЖКга түштү

16 Бугу 2024 16:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү.

Документтин маалымкат-негиздемесинде уранды жана торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулуп ага мамлекет көзөмөл кылары, бул кен казып алуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берери жазылган.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушуу учурунда Кызыл-Омпол уран кенин кайра иштетүү маселеси көтөрүлгөн. Жапаров Кызыл-Омпол кени аймакка да, республикалык казынага да ири киреше алып келерин айтып, төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Жергиликтүү бийлик дотациядан чыгат, республикалык бюджетке салык түшөт жана пайдасы 100% Кыргызстанга калат, эл дагы байыйт. Кенди 5-6 жыл мурун жеке менчик компания казган. Пайдасы ошол компанияда калмак. Биз былтыр ал ишкананын лицензиясын жокко чыгарып, мамлекетке алдык. Азыр «Кумтөрдү» кандай иштетип жаткан болсок, «Кызыл-Омполду» да 100% өзүбүз иштетебиз. Бир да проценти жеке менчик же чет элдик компанияларга кетпейт», — деп билдирген Жапаров.

Жергиликтүү тургундардан, активисттерден, эксперттерден турган комиссия да түзүлгөн.

Количество просмотров: 84