• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулардын даттануусу. Депутаттар эмне дейт?

16 Бугу 2024 14:19 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткан саясатчы, активисттер абактагы Кеңешбек Дүйшөбаевдин ден соолугуна кабатыр болуп жатышкандыктарын айтып, 15-майда бийликке кайрылуу жасашты.

Алардын айтымында, Дүйшөбаевдин ден соолугунун начардыгына байланыштуу аны үй камагына чыгаруу керек. Мындан тышкары алар иш созулуп жатканына нааразы болуп, ачык сотту талап кылышты.

Ошол эле күнү Таластын мурдагы губернатору, Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан Айбек Бузурманкулов Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алынып келген учурда сабалганын айтып арызданды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулардын даттануусу. Депутаттар эмне дейт?

Количество просмотров: 151