Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу 2025-жылдын 10-январына чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Адыл уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Массалык баш аламандыктар») 1-бөлүгү, 261-беренесинин («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») 1-бөлүгү, 263-беренесинин («Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо») 2-бөлүгү, 326-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу») боюнча айып коюлууда.
Айрым маалыматтар боюнча Кубан Адыл уулу менен кошо дагы алты киши кармалган.
Азырынча бул тууралуу ИИМ расмий маалымат бере элек.
Эске салсак, Садыр Жапаров 24-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берип, Курманкул Зулушевге орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан бошотуу боюнча сунуштама берүүнү тапшырган.
Буга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканы тууралуу жазган арызы негиз болгон.