Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу 2025-жылдын 10-январына чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 12-ноябрдагы токтому менен Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган. Адыл уулуна карата тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда, 2025-жылдын 10-январына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Башкы прокурордун мурдагы басары кармалганы бүгүн белгилүү болду. Ал бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча айыпталып жатканы кабарланган.
Бирок, азырынча ИИМ бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.
Эске салсак, Садыр Жапаров 24-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берип, Курманкул Зулушевге орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан бошотуу боюнча сунуштама берүүнү тапшырган.
Буга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканы тууралуу жазган арызы негиз болгон.