Нарын шаарында милицияга баш ийбей, жакалап, оозго алгыс сөздөр менен сөккөн жаран кармалды.
Маалыматка ылайык Нарын шаарынын борбордук базарынын жанында тыюу салган жерге Тойота Гайа маркасындагы машине токтоп турган. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери айдоочунун документин сураганда, ал бербей койгон. ГАИ кызматкери унаанын ачкычын сууруп алганда айдоочу унаадан түшө калып, жакадан алган.
Учурда Б.Б аттуу Нарын шаарынын тургуну убактылуу кармоочу жайга камалып, кылмыш иши козголду.