Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Борбор Азия өлкөлөрүнөн келип орус жарандыгын алган адамдарды Украинага каршы согушка жөнөтүүнү сунуштады.
«Статистика көрсөткөндөй, чет элдиктер аскердик кызматты кыйгап өтүп, массалык түрдө Орусиянын жарандыгын алып жатышат. Акыркы беш жылдын ичинде аны Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнөн келген миллиондон ашык адам, анын ичинде Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын мурдагы тургундарынын 550 миңи алышкан», — деди Бастырыкин «Российская газетага» берген маегинде.
Анын айтымында, ушуга байланыштуу “атайылаштырылган жарандардын” “атайын аскердик операциянын” тапшырмаларын ишке ашырууга катышууга артыкчылыктуу багыты боюнча маселени кароо зарыл.