Ош шаарында батирде калып калган 5 жашар кыз куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Батирдин ичинде 5 жашар кыз болгон, бирок ал эшикти өз алдынча ача алгмак эмес.
Жеринде келген куткаруучулар тобу бекилип калган эшикти атайын шаймандар менен ачып, баланы чоң энесине өткөрүп беришкен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары баланын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.