• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Батирден пенсионердин жансыз денеси табылды

6 Тогуздун айы 202216:11 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Кара-Балта шаарынын Т.Кожомбердиев көчөсүндөгү үйлөрдүн бириндеги батирден кемпирдин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам куткаруучулар бекилип калган эшикти ачып беришкенде батирдин ичинен 87 жаштагы Ч.А. аттуу аялдын сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 1016