8 батирден чыккан өрт жанаша турган 2 турак үйгө өткөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, ири өрттөн бактыга жараша жабыркагандар жок. 25-августка караган түнү саат 03:36 чамасында ордо калаанын Ленин районунун Абдраев көчөсүндө жайгашкан ижарага берилип келген 8 бөлмөлү батирден чыккан өрт ага жанаша турган Мансард үйгө өтүп, турак жайдын экинчи кабатынын 3 бөлмөсү чатыры менен толук, биринчи кабатынын 2 бөлмөсүнүн шыбы күйгөн.
Өрттүн жалыны ошол эле учурда жакын жайгашкан Чугуев көчөсүндөгү 3 бөлмөлүү турак үйгө өтүп, үй толугу менен күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 03:36дан тарта КР ӨКМнин жалпы 4 бөлүм, Штаб, ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан атайын унаа менен тартылып, өрт саат 05:06да чектөөгө алынып, толук түрдө саат 08:26да өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 300чарчы метрди түзөт. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.
Ошондой эле өрттү өчүрүүдө РЭТтен 1, Газ кызматынан 1, Тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМден 2 экипаж иш алып барды.