• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баткен: 8 мектеп жана 1 бала бакча жабыркады

19 Аяк оона 2022 12:31 Бишкек Govori.TV

Тажик тараптын Кыргызстанга кол салуусунан Баткенде 8 мектеп жана 1 бала бакча жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам зыян тарткан ондогон мектептерде окууну улантуу мүмкүн болбой турат.

“Баткен районунда окуу процесси токтотулган. Бир райондо сегиз мектеп жана бир бала бакчанын терезеси талкаланып, имаратына ок тийген. Жабыркаган мугалимдер дарыланып жатат. Жалпы канча окуу имараттары жабыркаганы боюнча маалымат такталып жатат”, — деди Жусупбекова.

Количество просмотров: 95